Акыркы макалалар

Эл пикири эске алынабы?

Ат-Башы. Райондо бүгүнкү күндө мыйзамдуу негизде 4 күйүүчү май сатуучу жай иштейт. Мындан сырткары ар бир айылда жок эле дегенде 4-5тен май сатуучу «майда точкалар» бар. Ырас, кандай болгон күндө да ар ким оокат кылып, жан багуусу парз. Айылдардагы ушундай «майда точкалардын» иштеп турушу андагы автоунаа күткөндөр үчүн кыйла ыңгайлуу, себеби райондун борборуна барып убара болушпайт. Ал эми май саткандар үчүн акча таап алганга жакшы жол. Бирок, элди кооптондурган бир жагдай бар. Эгер өрт чыгып кетсе үй ээси эле эмес, кошуна-колоңдоруна чейин кокуй алатты салаары турулуу иш. Анткени, айылда үйлөр чукул салынган, короолорунда үйүлгөн тоют бар дегендей. Элдин экинчи суроосу-алар тиешелүү жерлерден (мисалы, санэпид, өрт коопсуздук, экология кызматтары, мамлекеттик техникалык көзөмөлдөө инспекциясы жана жергиликтүү бийликтер, салык инспекциясы) уруксат алышканбы, эрежеге ылайык иштешеби? Үчүнчүсү- салык төлөмдөрүн төлөшөбү, үй-бүлөлөрүнө, айрыкча жаш балдардын ден-соолугуна зыяны тийбейби? Кыскасы, оокатын кылгандар кыла берсин, бирок жогорудагы жагдайлар эске алынса деген кеп. Бул элдин пикири.

Ж. Жекшенов.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...