Акыркы макалалар

Эшектерди союп, этин таратууга жол бергендер жоопко тартылышы керек

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Чүй облусунун Ак-Жол айылында эшектердин союлуп, эттери таратылып жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү.

Депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, парламент жыйынына Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жана Ветеринардык инспекциянын өкүлдөрү келишип, аталган факт боюнча маалымат бериши керек. "Алар массалык түрдө союлган. Мүмкүн ал эшектердин эттери тамак-аш багытына дагы жумшалып жаткандыр. Ошондуктан түштөн кийин тиешелүү органдарды чакырып, бул маселе боюнча маалымат алышыбыз керек Эт өлкөдөгү чайканаларды сатылып жатабы же чет өлкөгө жөнөтүлөбү? Балким бизге бул эшектердин эттери арзан баада сатылып жатат. Буга күнөөлүлөргө карата чара көрүлүшү керек",- дейт Исаков.

Төрага Асылбек Жээнбеков аталган окуяга күнөөлүүлөр сөзсүз жоопко тартылышы керектигин айтты."Муну азыр карай албайбыз, мекемелердин өкүлдөрү буга даярданып туруп отчёт бериши керек. Тиешелүү комитетке тапшырма берилет, парламентте кароо же карабоо чечимин комитет кабыл алат",- деди төрага.

Жыйынтыгында бул маселени кароону парламенттин тиешелүү комитетине тапшыруу чечими кабыл алынды. Маселе алгач комитетте каралып, андан соң гана парламенттин кароосуна алынып чыгышы мүмкүн.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...