Акыркы макалалар

Комитет мектептерде акча чогултууну Камкордук кеңешке берүүнү колдоду

Комитет "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун 3-окуудан колдоду. Мындай чечим бүгүн, 24-февралда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин отурумунда кабыл алынды.

Мыйзам долбоору мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарын ыктыярдуу жардамга тартуу жол-жобосунун айкындыгын жана отчёттуулугун камсыз кылуу максатында демилгеленген.

Мыйзам долбоору ата-энелерден чогултулган каражаттардын ачык болушун камсыздоо үчүн оптималдуу жол катары сунушталууда. Мына ушул максатта демилгеленген мыйзам долбоорунда окуу жылынын башында окуучулардын ата-энелери кирген Камкордук кеңеш мектеп директору менен зарыл боло турган каржыны эсептеп чыгып, аны мектептин көрүнүктүү жерине илип коюшу керектиги белгиленген. Бул процесске мугалимдер киришпейт, эгерде алар кирише турган болсо алардын жоопкерчилиги карала тургандыгы долбоордо каралган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...