Акыркы макалалар

Бир айда жети жүздөй үй-бүлө ажырашып, 4123 түгөй баш кошкон

2015-жылдын январь айында өлкө аймагында 668 үй-бүлө ажырашты. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык ажырашуу Жалал-Абад облусунда эң көп катталды. Облуста бир айда эле 104 түгөй ажырашып кетишкен. Экинчи баскычта Ош шаары турат. Ошто январда ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны 35 болду.

Ал эми өлкө аймагында өткөн бир айда 4123 үй-бүлө расмий каттоого алынды. Ал эми каттоого турбагандарды кошо эсептегенде мындан да жогору көрсөткүч болушу мүмкүн. Эң көп үлпөт той Ош аймагында катталган. Аталган аймакта 1093 түгөй январда баш кошту. Экинчи орунда Жалал-Абад (857 үй-бүлө), үчүнчү тепкичте Чүй облусу (529) турат. Ал эми борбор калаада өткөн айда 344 жуптун никеси расмий катталды. Мындан тышкары, 2014-жылы өлкөдө 55251 түгөй никеден өтүп, 9276 үй-бүлө ажырашкан.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...