Акыркы макалалар

Баткен жана Согди облусттарынын ортосунда достук мамилелерди чыңдоо боюнча келишим түзүлдү

Баткен жана Согди облусттарынын ортосунда достук мамилелерди чыңдоо боюнча келишим түзүлдү

Баткен облусу менен кошуна Тажикстандын Согди облусунун ортосунда кыргыз-тажик мамилелерин, достугун чыңдоо жана эки элдин карым-катнашын жандандыруу максатында 3 жылдык келишимге кол коюлду. Анын алкагында ай сайын 2 облусттун биринде достук темасына арналган маданий иш чара өткөрүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков билдирди.

“2014-жылы 11-январда жана май айында кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуялар кылымдардан бери дос, кошуна болуп жашап келген эки элдин мамилесине бир аз терс таасир тийгизип койду. Анын кесепетинен чек арабыз 82 күн жабылып, соода-сатык да токтоп калышынан облусубуздун өнөржай көлөмү басаңдап, салыктын планын аткара албай калдык. Бизден Тажикстанга кышында көмүр, жайында кыш, цемент жана башка курулуш материалдары экспорттолот. Достук мамиленин бузулбашына биз да, тажик тарап да кызыкдар. Ошондуктан, жакында эки облусттун ортосунда ай сайын маданий иш-чараларды өткөрүп туруу үчүн келишим түздүк. Бул долбоордун алкагында жакында “Достук” деген спектакль коюлду. Ошондой эле кыргыз-тажик жазуучусу Мирзохалим Каримов тарабынан түзүлгөн “Биз достуктун үрөнүн себебиз” аттуу программа боюнча Баткен жана Согди облусттарында эки элдин достугун даңазалаган үгүт кербени жүрүшүн баштайт”,- деди ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...