Акыркы макалалар

Журналист Орозалы Карасартов дүйнө салды

“Аймак” гезитинин башкы редактору, журналист Орозалы Карасартов кечээ кечинде 51 жашында каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын жакындары билдиришти.

Карасартов 1964-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. 1990-жылы КМУну аяктап, Кыргыз радиосунда, “Кыргыз туусу” гезитинде, “Кабар” маалымат агенттигинде иштеп, көп жыл Жалал-Абад облустук акимчиликте басма сөз катчы болуп эмгектенген.

2012-жылдан бери “Аймак” гезитинин редактору жана “Кыргыз туусу” гезитинин облустагы кабарчысы болуп иштеп келаткан. Артында бир уул, эки кызы калды.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Пикирлер

  • Journalist_kg @ 16.03.2015 @ 23:24

    Артында бир уул, 3 кызы калды. Урматтуу кабарчылар, маалыматты тактап жазышынарды отуном!