Акыркы макалалар

Кыргызстанда электрдин тарифин көтөрүүнү америкачыл оппозиция сунуштаганбы?

Учурда бийликти көксөгөн кыргыз оппозиционерлеринин карманган башкы көзүрү - бул электр энергиясына карата тарифтин көтөрүлүшү болуп келет. Учурдагы тарифтер убактылуу экендигин кыргыз өкмөтү канчалык жеткире түшүндүргөнүнө карабастан, аны андан ары көтөрө чаап, көбүртүп-жабыртып, айтор, элдин башын айлантуу менен алек болушууда. Айрым эксперттерди пайдаланышып, алардын оозу менен электрдин өздүк наркы 15 тыйын деп да айттырып келишет. Эптеп элди бийликке каршы үгүттөө аракети жасалууда. Эске сала кетсек, мына ушундай аракеттерди жасап аткан оппозициячылдардын басымдуу бөлүгү Америкага ат тезегин кургатпай барып турушат. Батыштын саясатын ачык эле колдоого алышкандар. Эми мына ушул жерден кайчылаш кырдаал жаралып калгандай. Себеби Кыргызстанда электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү буга чейин америкалык USAID агенттиги менен Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү сунушташкан эле. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн конкреттүү фактыларды келтирели. Мындан туура 9 ай мурун аталган америкалык уюмдар төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарышкан: «Учурдагы өзүнүн өндүрүлгөн баасынан төмөн электр энергиясына болгон тариф түйүндөрдүн пландуу техникалык кызмат көрсөтүүлөрүнө жана башка оңдоо иштерине жетишээрлик акчалай каражат түзүп бере албайт». USAID – бул Кыргызстанда кеңири таанылган америкалык өкмөттүк агенттик экендиги белгилүү. Ал эми 2013-жылдын жаз айларында Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Александр Кремер мындай деген: «2011-жылы Кыргызстанда 1 кВт-саат электр энергиясын өндүрүү үчүн 1,2 сом сарпталган. Ал эми республикадагы орточо тариф 0,88 сом. Жыл сайын мындай айырмачылык чоңоё берет. Тармактын эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн тарифти көтөрүү керек». Мына, жогорудагы мисалдар көрсөтүп тургандай Кыргызстандагы электр тарифин көтөрүүнү адегенде америкачыл уюмдар сунушташкан. Эми болсо Американы оозунан түшүрбөгөн оппозициячыл саясатчылар ошол тариф маселесине каршы митингдерди, жыйындарды өткөрүп келишет. Мындан улам логикага сыя турган төмөндөгүдөй тыянак чыгарсак болчудай. Учурдагы Равшан Жээнбеков башында турган оппозиция кыргыз бийлигине асылуу үчүн олуттуу маселе таба албай, дал ушул электр тарифин көтөрүүнү батышка сунуштаган болуп жүрбөсүн? Эки күндүн биринде Америкага чабагандап турган Равшан мырза ал жактан эмнелерди сүйлөшүп келип атканы бизге белгисиз. Бирок, электр тарифин көтөрүүнү сунуштап туруп, анан кайра ага каршы саясый упай топтоо максатында иш-аракеттерди жасоо алдын-ала пландаштырылган иш болушу толук мүмкүн. Көшөгө артында бирди жасап, көшөгөнүн берки бетинен элге күйүмүш этип аткан мындай оппозициянын кимге кереги бар?..

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...