Акыркы макалалар

Мирлан Бакиров, ЖК депутаты: «Сатыбалдиевдин өкмөтү азыркы өкмөткө салыштырмалуу жакшы иштеген»

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров өкмөттүн жазга болгон даярдыгы тууралу ой бөлүштү. Анын айтымында, өкмөттүн даярдыгы канааттандыраарлык эмес. Төмөндө кененирээк окуңуз.

--Мирлан мырза, жаз жакындап калды. Өкмөттүн жазга карата даярдыгы байкала элек. Чечкиндүү кадамдарга барып элге маалымат жеткириши керек эле. Бирок, өкмөт кыштан дагы деле чыга элек сыяктуу. Сиздин баамыңызда, өкмөттүн жазга карата даярдыгы кандай?

--«Кыштын камын жазда көр» демекчи, жазгы талаа жумуштары жакында башталат. Түштүк аймактарда башталып деле калды. Бардык нерсенин жакшы-жаманы салыштыруу менен билинет эмеспи. Учурдагы биздин өкмөткө салыштырмалуу Сатыбалдиев жетектеген өкмөт жакшыраак иштеген. Бир гана мисалын айтсам, былтыр бул маалда Өзбекстан менен келишим түзүп дыйкандарга жер семирткичтерди алып келип, өз баасында берүүгө жетишкен. Ар бир облустун борборлорунда, райондордо 22 сомдун тегерегинде сатылган. Азыркы өкмөт болсо баягы эле «аракет кылып жатабыз» деген кайталанма жооптор менен чектелүүдө. Тактап айтканда, өкмөттөн толук кандуу жооп ала албай жатабыз. Андан сырткары, күйүүчү май маселеси, кудайдын кулагы сүйүнсүн, быйыл кичине арзандаганы турат. Бирок, бул өкмөттүн жумушу эмес. Табигый базар экономикасындагы атаандаштыктан улам арзандады.

--Ошол эле мезгилде Бажы биримдигинин негизинен кирдик. Андан пайда ала турган негизги тармагыбыз айыл чарбасы, өкмөттүн кейпи бул болсо, абалыбыз кандай болот?

--Өкмөттүн милдети түздөн-түз айыл чарбасына багытталышы зарыл. Себеби, биз Бажы биримдигине кирип аткандан кийин айыл чарбасын приоритет катары алышыбыз керек. Айыл чарбасындагы негизги көйгөй суу, ал маселени чечсек, суу айдоо аянтына барганда түшүм болот. Ошол түшүмдүн артынан экспорт, башкача айтканда дыйкандын кирешеси болот. Анын жыйынтыгы Кыргызстандын экономикалык абалына таасир берет. Убагында Кыргызстандын ички-дүң продукциясынын 32 пайызын айыл чарбасында өндүрүлгөн азык-түлүктөр түзгөн. Бүгүн 12 пайызга түштү. Биз жылына сырттан 56 миң тонна эт алып жатабыз, мунун ичинде буйволдун эти да келип жатат деген маалымат бар. Ошол эле этти өзүбүз өндүрсөк болмок. Тилекке каршы системдүү тартип, системдүү кадам жок. Жөнөкөй эле жер-жемиштерди өндүргөнгө толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Мына биздин азыркы абалыбыз. Биз Бажы биримдигине кирип, Россияны жана Бажы биримдигине кирген мамлекеттерди айыл чарба азык-түлүгү менен камсыз кылабыз деп көкүрөк кагып жатабыз. Чынын айтсак, азыркы абалыбыз менен Орусиянын бир облусун камсыздай албайбыз.

--Өзүбүздүн ички керектөөбүздү камсыздай албай жатып Россия, Казакстандын базарына чыгабыз деп курулай төш кагуу эмеспи?

--Азыркы реалдуу кырдаал ушундай. Алар бизге ушунча миң тонна алып келгиле деген чакта да жасап бере албайбыз. Себеби, бизде биринчиден даярдык жок. Экинчиден логистика, үчүнчүдөн лаборатория жок. Кайсыл гана мамлекет болбосун тыштан келген товардын сертификатын талап кылат. Товар лабораториядан өткөн тастыкталган, эл аралык стандартка жооп берген болушу керек. Биз бүгүнкү күндө мындай талаптарга жооп бере албайбыз. Буйруса, Россия федерациясында түзүлүп аткан өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн каражатты логистикалык борбор, лаборатория курганга туура пайдалансак, мүмкүнчүлүк болот.

--Айыл чарбасындагы техникалар мындан 3-4 жыл мурункуга салыштырганда жетиштүү деңгээлде экенин айтып жатышат. Техника жааты чындап эле толук кандуу жетиштүү болуп калдыбы?

--Бул туурасында толук кандуу деп айта албайбыз. Анткени, өкмөт өзү 20 миң даана трактор жетишпейт деп айтууда. Жыл сайын «Айыл» банкы аркылуу тракторлор берилип жатат. Тилекке каршы, жөнөкөй дыйкан 2 млн. сом турган трактордун 30 пайызын алдын ала төлөп ала албайт. Биринчиден, ошол 30 пайызды төмөндөтүш керек. Экинчиден, «Айыл» банк жеке тарапка гана берип жатат. Эгерде айыл өкмөт өзүнүн бюджетинен карап трактор алам десе аларга берилбейт. Себеби, ал банктын ушундай шарттары бар экен. Мен үчүн ушул нерсе түшүнүксүз. Эмне үчүн айыл өкмөт өзү техника албашы керек? Мисалы, бир эле тракторду берип коюу менен маселе чечилбейт. Анын артында сокодон баштап касилка ж.б. шаймандары болушу керек. Аларда өзүнчө каражатты талап кылат. Ошондуктан биз лизинг аркылуу дыйкандарга жардам берип жатабыз деген төш кагуу өкмөткө аброй алып келбейт. Аны мүмкүнчүлүгү бар дыйкандар «Айыл» банктан өздөрү алып жатат. Бирок, тилекке каршы, дыйкандардын 90 пайызынын трактор алганга мүмкүнчүлүгү жок.

--Демек, бул өкмөттүн куру кыйкырыгы экен да?

--Өкмөт Белоруссиядан же башка мамлекеттер менен келишим түзүп, техниканы республикага алып келип жатат десек болот. Бирок, сатып алуу жолун дыйкандар өздөрү чечип жатат.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...