Акыркы макалалар

Айыл чарба министрлиги:Дыйкандар быйыл жашылча-жемиштерди арбын айдашы керек

Кыргызстан быйылкы жылы айдоо аянттарын 1185,2 миң гектарга чейин кеңейтүү ниетинде. Ал өткөн жылга салыштырмалуу 4 миң гектарга көптүк кылат. Бул тууралуу КР Айыл жана суу чарба министрлигинин жер иштетүү боюнча Башкармалыгынын башчысы Жигиталы Жумалиев билдирди.

“Кыргызстанда 2014-жылы 1 млн 181,2 миң гектар жер айдалган. Ал эми бул жылы айдоо аянтын 1185,2 миң гектарга чейин кеңейтүү ниетинде турабыз. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4 миң гектарга көптүк кылат. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ичинен 634,3 миң гектар жерге дан эгиндерин эгүүнү пландаштыруудабыз. Бирок, бул жылы дан эгиндеринин аянты былтыркы жылга салыштырмалуу 27 миң гектарга кыскарышы күтүлүүдө. Анткени, биз жер-жерлерде дыйкандарыбыз менен акылдашып, быйыл жашылча-жемиштерге басым жасоону сунуштап жатабыз. Ошондо дан эгиндеринин аянты кыскарып, жашылча-жемиштердин аянты 3 миң гектарга жакын көбөйөт. Себеби, мамлекетибиз Евразиялык экономикалык биримдигине кирип жаткандыгына байланыштуу, дыйкандарыбыз жашылча-жемиштерин Казакстан менен Россияга сатууга мүмкүнчүлүгү бар”,-дейт Ж.Жумалиев.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...