Акыркы макалалар

Жолдошова: парламенттик шайлоодо бул партия утат, же утулат деп болжоого болбойт

"Бизде жаңы түзүлгөн партиялар абдан көп. Дагы деле саясый күчтөрдүн альянсы түзүлүп атат. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо абдан күчтүү ат салышуу болот. Ошондуктан азыр бул партия өтөт, бул партия өтпөйт деп эч ким так айта албайт", — деген пикирин "Ата-Журт" фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошова Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Эл өкүлү шайлоолор лотерея сыяктуу экенин айтып, күтүлбөгөн жыйынтыктар болуп кетерин кошумчалады.

"2010-жылкы шайлоо деле "Ата-Журт" партиясы биринчи келет деп эч ким ойлогон эмес. Ошондуктан, шайлоонун жыйынтыгы көп кырдаалга байланыштуу болот. 2010-жылы апрель, июнь окуяларынан кийин түштүк тарап каргашалуу окуялардын аныгына жетет деп "Ата-Журт" партиясына ишенсе, түндүк тарап КСДП партиясына ишенген. Ошондуктан бул партия өтөт экен, тигил партия өтпөй калат экен деген божомолдорду мен айткым келбейт", — деди ал.

Жолдошова партиялардын ийгиликке жетүүсүнө партиялык тизме да чоң таасир бере турганын баса белгилейт. Анткени, саясый жактан көз карашы туура келген партиялар бириккен күндө деле, партиялык тизмени түзүүдө пикирлери келишпесе ажырап кете турганын айтты.

"Шайлоонун алдында кандай гана партиялар болбосун биригүү болушу мүмкүн. Алар саясый көз карашына, максаттарына жараша да биригиши ыктымал. Бирок, шайлоочуларга көрсөтүлө турган партиялык тизмени түзүүдө талаш-тартыш болсо, партиялардын көз карашы төп келсе да, аларды ажыратышы мүмкүн. Ошон үчүн бардык нерсе тизменин тегерегинде болот", — деп кошумчалады эл өкүлү.

Парламенттик шайлоонун тынч, таза жана акыйкат өтүшүнө кызыктар экенин билдирген Жолдошова, эгер Аида Салянованын партия ачып, саясатка аралашып, саясатта өзүнүн билимин тажрыйбасын колдонгусу келсе, аны кубаттай турганын белгиледи.

Экс-башкы прокурор Аида Салянова бүгүн "Күчтүү Кыргызстан" саясый партиясынын лидерлигине шайланган. Аталган партия күзүндө боло турчу шайлоого даярдыктарды көрүп баштады.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...