Акыркы макалалар

Россиядан Кыргызстанга келип жаткан мигранттар май айында кайра барууга камданып жатышы мүмкүн

Учурда Россиядан кыргызстандык эмгек мигранттарынын өз өлкөсүнө көп келип жатышынын себеби ал жактагы каржылык кризис жана кышында курулуш иштеринин токтогондугунан тышкары, май айында Кыргызстан ЕЭСке толук кандуу мүчө болуп өткөндөн кийин эмгек мигранттарына бериле турган жеңилдиктерге байланыштуу да болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

“12-февралда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук кызматы мигранттарга жаңы үлгүдөгү патенттин берилиши менен таанышуу үчүн Москва облусунун Сахарово айылындагы Мамлекеттер аралык миграциялык борборго барганбыз. Бирок, ал жерде кире бериште эле “жылан” схемасы менен экзамен тапшыруу үчүн 3 миңден ашык адам кезекте туруптур. Алар сүрүлүп, кысылып 3-5 саат турушарын айтышты. Ал эми Миграциялык борбордун кызматкерлери күн сайын бир миң гана же 30% келген адамдарды тейлей алышарын билдиришти. Бирок, бул жерде коопсуздукту камсыз кылууга тартылган тартип сакчылары чет элдик жарандарга орой мамиле жасашары белгилүү болду. Тегереги тикенек зым менен курчалып, иттер да тартылган Миграциялык борбор абак жайга окшошуп турат. Мындай абал адамдарга моралдык-психологиялык басым көрсөтөт. Ушундай жагдайдан улам КРнын РФдагы элчилиги Миграциялык борбордун жарандарды кабыл алууга даяр эместигин билдирип, Нота жөнөткөн.

Кечээ Сахарового консулдуктун кызматкерлери кайра барышты. Анда миграциялык борбордун жетекчисинин орун басары Краснов патент алуу үчүн кайрылган мигранттардын 3%ын гана кыргызстандыктар түзөрүн билдирди. Биз менен жолуккан кыргызстандыктардын бардыгы майдан кийин документсиз жүрсөк болобу деп сурашты. Азыр көпчүлүк жердештерибиз өлкөбүз майдан тартып ЕЭСке толук кандуу мүчө болуп өткөн соң кыргызстандык мигранттарга жеңилдик берилерин күтүшүп, патентти кыйынчылык менен жасап, көп акча төлөгөндөн көрө документсиз эле жашырынып жүрүшөт же Кыргызстанга кетип калышууда.

Жакында авиакомпанияларга да барып абалды сураштырдык. Алдын ала 7-10 күнгө билеттер сатылып кетип жатыптыр. Үчүнчү дагы бир себеп, кыргыздар ортомчулар аркылуу документтерин тапшырып жатышы мүмкүн. Чындыгында Россияда каржылык кризис башталгандан кийин мигранттарга кыйын болууда. Доллардын куну 30 рублга барабар кезинде алардын маянасы 18-25 миң рубль болчу. Азыр доллар 60 рубль болгондо деле ошол маянаны алып жатышат”,- деди ал.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...