Акыркы макалалар

453 айыл өкмөтүнүн 383ү дотацияда отурат

Кыргызстанда 453 айыл өкмөтү болсо, анын 383ү дотацияда отурат. 53 айыл өкмөт башчысы түрдүү себептен улам жөө жүрсө, 80 айыл өкмөтүнүн таптакыр автоунаасы жок. Бул тууралуу Курманбек Дыйканбаев Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында маалымдады. Депутат мындай шартта жергиликтүү бийлик өз милдеттерин мыкты аткарышы күмөн экенин баса белгиледи.

"Дотацияда отурган айыл аймактарынын кайра кайтарууга мүмкүн болбой турган айласыз салыктык карыздары өсүп жатат. Алардын Кайра бөлүштүрүү фондундагы жеринен башка байлыгы жок. Кайрак жерди эч ким деле ижарага албаганы белгилүү. Аларды жоюп кутулбасак, төлөтүп кутулта албайбыз. Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам берүү чараларын иштеп чыгып, парламенттин кароосуна киргизүүсү - учурдагы маанилүү маселелердин бири",- дейт Дыйканбаев.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...