Акыркы макалалар

Бир айда мал уурдоодон келтирилген чыгым 6 млн сомду түздү

2015-жылдын январь айында Кыргызстанда мал уурдоодон улам 6 млн сомдук зыян келтирилген. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Учурда мал уурулук боюнча - 262 кылмыш иши өндүрүшкө киргизилген, алардын 106сы - иликтенип жана 70 - кылмыш ишинин бети ачылган, бул - 66 пайызды түзөт.

2015-жылдын январь айында республика боюнча - 277 баш мал уурдалса, анын- 102си ээлерине кайтарылган. Орточо алганда уурдалган малдын жалпы суммасы 6 млн 181 миң 500 сомго жакындайт жана анын ичинен 2 млн 816 миң сому кайра кайтарылган.

Эң эле көп уурулук фактысы Жалал-Абад областында болуп - 66 кылмыш катталган, Чүйдө-56, Ошто-52, Ысык-Көлдө -35 баш мал уурдалган.

Жылдын башынан бери малды уурап кылып жүргөн 56 адамдан турган 20 топ колго түштү. Мындан тышкары 85 адам мал уурулугу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылды, 46 киши камакка алынды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...