"Бир учурда орустар дагы француз тилинде сүйлөөнү модага айландырып алышкан, азыр алар чыныгы орус тилинин кадыр-баркын өстүрүүнү колго алып, мамлекеттик кадрларга эле эмес, катардагы мигранттарга дагы тилди билүү боюнча талап коюп жатат. Демек, ар бир өлкөдө мамлекеттик тилдин ролу жогору болуш үчүн жогорудагыдай иштер аткарылышы керек". Бул пикирди эл өкүлү Курмантай Абдиев 18-февралда "Парламент" радиосундагы маегинде маалымдады.
Депутаттын айтымында , Япониянын тажрыйбасын башка өлкөлөр сабак катары кабыл алса болот.Мисалы,япон жергесиндеги балдар улутуна карабастан, 5-класска чейин баары япон тилинде гана билим алышат.
“Бирок мамлекеттик тил жаатында жылыш жок деп кол курушуп отура бербей, айрым айырмачылыктарды деле жакшы саамалык катары баалаганга мезгил келди”,-дейт эл өкүлү.
Түп нускага шилтеме : de-facto.kg
Азырынча бир да пикир жок...