Акыркы макалалар

Кыргызстандыктарды стандартка дал келбеген телевизорлорду албоого чакырышты

Айрым соодагерлер Кыргызстанда стандарт катары бекитилген санариптик берүүнү көрсөтө турган DVB-T2 стандартына туура келбеген телевизорлорду өлкөгө алып келишкен. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова керектөөчүлөрдү телевизор сатып алууда анын техникалык параметрлерине өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Ал эми санариптик берүүгө коюла турган тюнерлерди (set-top-box) сатып алууда КРдин мамлекеттик байланыш агенттиги бере турган сертификаттарды суроону өтүндү. Алардын бардыгы DVB-T2 стандартына шайкеш келиши керек.

Маалымат үчүн белгилей кетсек, учурда заманбап телевизорлор 20 миң сомдон, ал эми тюнер-коюмдар 20 доллардан жогору баада сатылууда.

Темирбекованын айтымында, калкка санариптик берүүгө өтүү тууралуу маалымат берилип жатканына карабай, кээ бир ишкерлер туура эмес форматтагы DVB-T заманбап телевизорлордун өлкөгө импорттоп, аны санариптик берүү тартат деп элди алдап сатып жатышкан. Бирок азыркы учурда мындай форматтагы сыналгыларга карата "жергиликтүү сигналдарды кабыл албайт экен" деген арыз-даттануулар түшүүдө.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...