Акыркы макалалар

Кыздын жансыз денеси атасынын мүрзөсүнүн жанынан табылды

Ош шаарында жоголду деп изделип жаткан 21 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 1994-жылы туулган Мария Рыбалова 19-январь күнү саат 09:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Ошондон тартып, издөө иштери жүрүп жаткан. Бүгүн, 18-февралда анын жансыз денеси Туран кичи шаарчасында жайгашкан атасынын мүрзөсүнүн жанынан табылган. Жанында бир канча белгисиз дарылар болгон. Ушу тапта тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...