Акыркы макалалар

Билим берүү министринин орун басары кызматтан кетти

Билим берүү жана илим министринин орун басары Бермет Турсункулова өзүнүн берген арызына ылайык кызматынан кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдирди.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койду.

Эскерте кетсек, Турсункулова Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп 2014-жылдын 28-октябрынан бери иштеп келген. Буга чейин ал Борбор Азиядагы Америка университетинин академиялык маселелер боюнча вице-президенти болуп эмгектенген.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...