Акыркы макалалар

Ө.Текебаев эл аралык белбоочон күрөш федерацияларынын жетекчилери менен жолугушту

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 18-февралда Эл аралык белбоочон күрөшфедерациянын президенти Руслан Махмутовдужана Европалык белбоочон күрөш федерациянын президентинин орун басары Ислам Албаковду кабыл алды. Жолугушууга кыргыз элинин улуттук күрөшүн көтөрүү демилгечилеринин бири Жолдошбек Камчыбеков катышты. Жолугушуу учурунда улуттук спорт түрлөрүн эл аралык деӊгээлде жайылтуу чаралары, анын мыйзамдык базасын бекемдөө жаатында пикир алышты. Фракция башчысы Өмүрбек Текебаев өткөн жылы Кыргызстанда I-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өткөнүн эске салып, улуттук спорт түрлөрүн, анын ичинде байыртан келаткан белбоочон күрөш түрү жаатында бир катар иштиктүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. Эл аралык белбоочон күрөш федерациянын президенти Р.Махмутов өз уюмунун жүргүзгөн иштери тууралуу бир топ маалымат берип, быйыл Ашгабад шаарында өтө турган белбоочон күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатка кызуу даярдык жүрүп жатканын билдирди. Ал эми Европалык белбоочон күрөш федерациянын президентинин орун басары И.Албаков белбоочон күрөш өзүнүн жөнөкөйлүгү, түшүнүктүүлүгү, кызыктуулугу менен айырмалана турганын белгиледи. Ошондуктан, анын келечеги кеӊ.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...