Акыркы макалалар

Жогорку квалификациялуу адистер,студенттер орус тили сынагынан бошотулган

Учурда Орусиянын тили, тарыхы жана мыйзамдары боюнча тест берүү чет элдик миграттар үчүн 2015-жылдын 1-январынан тарта сөзсүз киргизилген. Бирок ал 3 категориядагы мигранттарга тийиштүү эмес. Бул тууралуу маалымат жыйынында Тышкы иштер министрлигинин консулдук Департаментинин директору Арслан Үмөталиев маалымдады. Анын айтымында, айтылган категорияга жогорку квалификациялуу адистер, Орусияда окуган студенттер жана 1991-жылдын 1-сентябрына чейин, СССР убагында орто мектептен тышкары билими барлар жогорудагы экзаменди тапшырбай эле патент алып, ишке орношо алышат.

Белгилей кетсек, тесттин баасы 5 миӊ рублдун тегерегин түзөт. Ал эми алынган сертификат 5 жылга жарактуу.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...