Акыркы макалалар

Таксилер тартипке салынат

Таксилер тартипке салынат

Учурда Нарын шаарынын элине кызмат көрсөтүп жаткан таксилердин ортосундагы баш аламандыкты жоюу, тартипке салуу боюнча кызуу аракеттер көрүлүүдө.

Бул тууралуу жакында Нарын облустук ички иштер башкармалыгында жол көзөмөлдөө, салык кызматкерлеринин жана таксисттердин башын кошкон кеңешмеде чоң талкуу болуп, жол кырсыктарын азайтуу, элди сапаттуу тейлөө боюнча бирдиктүү аракет көрүү колго алынаары айтылды.

Нарын шаардык жол көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн башчысы Үсөн Айтмамбетовдун билдирүүсүнө таянсак, өткөн жыл ичинде Нарын шаарында 37 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 34 адам жаракат алып, 7 адам каза тапкан.

- Мына ушундай кырсыктардын келип чыгышына шаардагы автоунаалардын дээрлик көпчүлүгү такси катары баш аламан иштеп, бир-эки кардар үчүн жол эрежесин сактабай мейли бурулуштардан, өткөөлдөрдөн же светофордон болсо да эрежесиз токтоп аткандары себеп болууда. Ошондуктан таксисттер менен кеңешип, мыйзамдуу түрдө патент алып, бригадаларга биригип, бирдиктүү белги (шашки) менен эрежени бузбай элди сапаттуу тейлегиле деген чечимге келдик. Ал эми бригадага кирбеген, патент албаган таксилерди көзөмөлдөп, тартипке салуу милдетин биз алып атабыз,-дейт шаардык жол көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн башчысы Үсөн Айтмамбетов.

Мындай тартиптин киргизилишин таксисттер да туура кабыл алганын шаардагы «Московский-Городок-Ак-Коргон-Интернат» каттамдарындагы таксисттердин бригадири Бактыгул Исаев билдирди. Анын айтымында, мыйзамдуу түрдө патент алган таксисттер гана иштесе мамлекеттин бюджетине да пайда түшүп, элди сапаттуу тейлөөгө, жол кырсыктарын азайтууга шарт түзүлмөк.

- Учурда биздин бригадага расмий катталган таксисттердин саны 200гө жетти. Бирдей белгиге заказ берген атабыз. Жол көзөмөлдөө кызматкерлери катуу талап коюуда. Биз бул жагын абдан туура кабыл алдык. Нарындагы таксисттер жумуш жоктугуна байланыштуу балдарын багыш үчүн айла жок көчөгө чыгып иштегенге туура келип атат. Таксист болуп иштегенде деле кыйратып акча таппайбыз. Тапканыбыз күнүмдүк чай-чамегибизге, автоунаабыздын майына, запастык бөлүктөрүнө кетет. Жол кире арзан. Азыр 10 сомго бир нан да келбейт. Ал эми айылдын таксилери өздөрүнүн дыйкан чарбасы, жери, малы, айылдан бери салып келген кардарлары болсо дагы айылдан салып келген кишилерин базарга тыштап коюп анын ортосунда бизге тоскоол кылып ортодон кире калып иштеп атышат. Өзү тар жол болсо, кардар талашып, эрежелер бузулуууда. Мындан сырткары мекемелерде иштеп, 15-20 миң сомдон айлык алгандар бош убактысында такси катары чыга калып атышат. Жол көзөмөлдөө кызматкерлери жогорудагыдай баш аламандыкты токтотуп тартип киргизип берсе, биз да элди жоопкерчилик менен сапаттуу тейлегенге, патент алып мамлекеттин да, өзүбүздүн да бюджетибизге пайда түшкүдөй кылып мыйзамдуу иштегенге колдон келишинче аракет кылат элек,-дейт Бактыгул Исаев.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...