Акыркы макалалар

Жумгалда маданият бөлүмүнүн жетекчиси ак жеринен кызматынан алынды

Нарын облусунун Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Айжан Жээнбекова өзүнүн чыгарган буйругун кайрадан кайтарып албагандыктан улам, кызматынан четтетилип калды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда райондун маданият кызматкерлери жана жаш активисттери өткөргөн маалымат жыйында белгиленди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Маалыматка карасак, маданият бөлүмүнүн башчысы Айжан Жээнбекова райондук Ш.Эсенгулов атындагы этнографиялык тарыхий музейинин жетекчиси Айнура Бердикееванын кызматтык абалын кароо менен, кызматына орой мамиле жасады жана эч себепсиз 4 күн жумушка өз убагында келген жок, деген кине менен А.Бердикееваны кызматынан четтетүү тууралуу буйрукка кол койгон.

«Бүгүн биз маданият тармагында болуп жаткан көрүнүштөрдү жөнгө салуу боюнча чогулганбыз. Маданият министри А.Максүтов райондук маданият бөлүмүнүн башчысы боюнча арызды толук кандуу карап, тыянак чыгарбай туруп, бир арыздын негизинде райондук маданият бөлүмүнүн жетекчисин жумуштан алып салды. Бул жерден министр деле толук маалымат алган эмес көрүнөт. А.Бердикеева ооруканада болчумун, деп жумушта убагында болгон эмес жана дарыгер жазып берген маалымкаты мыйзамсыз деп табылган», — дейт жаш активисттер.

Жыйында белгиленгендей, арыз жазып жумушунан четтетилип калган А.Бердикеева буга чейин эле жумушуна орой мамиле жасап, мурунку кызматтарынан да ушундай таризде четтетилип келген. Райондук китепкананы жетектеп келгени менен баары барып маданят бөлүмүнө баш ийиш керек. Бул кызматкер эч качан баш ийбестен өз каалаганындай жумушка келип каалагандай кетип кала берген. Жумгалда маданияттын жетекчисин жөн жерден эле кызматтан алып салышты, деди катышуучулар.

Түп нускага шилтеме : www.jumgal.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...