Акыркы макалалар

Кыргызстанга келген туристтердин коопсуздугу жолдогу постторду алып салуу менен чечилбейт

Кыргызстанга 2014-жылы 4 млндон ашык турист келген. Алардын басымдуу бөлүгүн Россия, Казакстандан келгендер түзгөн.

Кыргызстанга эс алганы келген туристтерден жергиликтүү жол-көзөмөлдөө кызматкерлери акча талап кылары тар чөйрөдө айтылып келет. Мындан улам жайкы туристтик сезон маалында Бишкек менен Ысык-Көлдүн ортосундагы постторду жана жол-көзөмөлдөө кызматкерлерин жолдон алып салуу керекпи деген суроо жаралат.

“Биз жайкы туристтик сезон учурунда жолдо ыңгайсыздыктар жаралбашы үчүн Бишкек менен Ысык-Көлдүн ортосундагы постторду алып салган учурларыбыз да болгон. Бирок, анын негизинде көптөгөн кырсыктар катталды. Ошондуктан, Кыргызстанга келген туристтердин коопсуздук жагын да ойлошубуз керек. Алар жакшы эс алып, кайра үйлөрүнө кайтып кеткенге чейин, эң башкысы коопсуздугун камсыз кылышыбыз зарыл. Эгерде жол-көзөмөлдөө кызматкерлери туристтерди мыйзамсыз токтотуп алып, ар кандай иштерге барса, анда алар сөзсүз түрдө жоопко тартылат”,- деп билдирди ИИМдин жол-кайгуул кызматынын Башчысынын орун басары Өмүрбек Бейшекеев

Ал эми КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Максат Чакиев өткөн жылы жол-көзөмөлдөө кызматкерлерине нааразы болуп бир да турист бизге кайрылган жок-дейт.

“Алдыда жайкы туристтик сезон башталганы турат. Мындан улам жакында ар бир министрликке сунуш беребиз. Мисалы, чек арачыларга Кыргызстанга келген туристтерди тоскоолдуксуз чек арадан өткөрүү, жол-көзөмөлдөө кызматкерлерине туристтердин жол коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу өтүнүчтөр ар бир министрликке жөнөтүлөт”,-деди директор.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...