Акыркы макалалар

«Куурчактар жарманкеси»

«Куурчактар жарманкеси»

29-январда Нарын облустук балдардын билим борбору тарабынан шаардагы мектеп окуучулары арасында «Куурчактар жарманкеси» кароо-сынагы өткөрүлдү.

Жарманкеге 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп окуучулары катышып, өздөрүнүн жана үй-бүлөсүнүн колу менен чий, кийиз, кагаз, таш, буурчак, гречиха, пахтадан токулган кездемелер сыяктуу натуралдык материалдардан жасалган улуттук, сувенирдик, илгерки, оригиналдуу, шөкөттөлгөн жана заманбап деген аталыштагы түркүн куурчактарды алып чыгышты. Ошондой эле балдар тарткан ар кыл сүрөттөр да бул күнү жарманкени көркүнө чыгарды.

Нарын облустук балдардын билим борборунун деректири Назира Айыпованын айтымында, иш чара Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылынын урааны алдында уюштурулуп, улуттук колориттеги оюнчуктарды даңазалоо, кыргыз элинин оюнчуктарын башка элдерге таанытуу жана ата-энелерди балдарын пластиктен жасалган зыяндуу чет элдик куурчактар эмес натуралдык оюнчуктар менен камсыздап, дүйнө таанымын калыптандыруусуна шарт түзүү максатын көздөдү. Оюнчук-баланын адам катары калыптанышында, өзүн өзү таануусунда жана келечегин көрө билүүсүндө чоң роль ойнойт. Ошондуктан ар бир ата-эне баласына оюнчук тандап берүүдө анын таасирине жоопкерчилик менен мамиле кылуусу зарыл.

Бул күнү жарманкеге коюлган ар бир куурчак көрөрмандар үчүн өзгөчө таасир калтырды.

- Менин жасап келген куурчагымдын аты «Жер Эне». Жер жүзүндөгү бардык көрүнүштөрдү, жакшыны да, жаманды да Жер Эне өз ичине батырып көтөрүп турат. Ошондуктан Жер Эне бизди колдосун, ушул жылда түшүм мол болсун, тынччылык, токчулук өкүм сүрсүн деген тилек менен ушул композицияны тандап алдым. Куурчакты жасоодо желим бөтөлкө, лампочка, буурчак жана кездемелерди колдонуп, үч күндө даярдап бүттүм, -дейт №4-Э. Ибраев атындагы орто мектебинин 11-б классынын окуучусу Нурзат Иманбек кызы. Ал эми №2-В.П.Чкалов атындагы орто мектебинин 5-г классынын окуучусу Анжелика Калыгулова өзүнүн колунан жасалган «Балерина» куурчагы аркылуу көпчүлүктүн көңүлүн бура алды.

Ошентип кароо-сынакка катышкан 56 окуучунун ичинен биринчи орунга №1-Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучулары Темирбек кызы Айдана, Жакып кызы Кундуз жана Ү.Асанов атындагы мектеп-лицей- интернатынын 6-классынын окуучусу Айсалкын Жумагулова татыктуу болуп, февраль айында Билим берүү министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү республикалык деңгээлдеги кароо-сынакка катышууга жолдомо алышты.

Ал эми экинчи орунду Т.Сатылганов атындагы орто мектептин 9-классынын окуучулары Жыргалбек кызы Нурайым менен Жакып кызы Жылдыз, К.Жакыпов орто мектебинин 7-классынын окуучусу Сейиткан кызы Нуриза, үчүнчү орунду Ү.Асанов атындагы мектеп-лицей-интернатынын 6-классынын окуучусу Бурулсун Мамырканова, А.Садыков атындагы орто мектебинин 3-классынын окуучусу Акылбек уулу Элмырза жана В.П.Чкалов атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Кундуз Бактыбекова камсыздап, дипломдорго жана баалуу белектерге татыктуу болушту.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...