Акыркы макалалар

Базарга орус унааларынын толуп кетиши убактылуу көрүнүш

Казакстандын жана Кыргызстандын базарында оруссиядан чыгарылган унаалардын көбөйүп кетиши рублдин наркынын төмөндөп кетишинен улам келип чыккан кыска мөөнөттүү көрүнүш. Бул тууралуу "Бажы биримдигинин шартында бизнести адаптациялоо" деп аталган ачык талкуу учурунда Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев маалымдады.

Талкуунун жүрүшүндө Казакстандын дебат коомунун өкүлү Светлана Люльчак Оруссия менен Казакстандын ортосунда бажы салыгынын жоктугунан жана рублдин наркын жоготуусунан улам Оруссиянын унаалары Казакстандын базарында толуп кеткенин айтты. Люльчак бул казакстандык өндүрушчүлөргө чоң чыгым алып келгенин маалымдады жана Бажы биримдиги жагдайды кыйындатканын белгиледи.Пономарев оруссиялык унааларды массалык түрдө ташып келүү көрүнүшү Кыргызстанда дагы байкалганын билдирди. Анын айтымында бул убактылуу көрүнүш, учурда баалар турукталып, теңделип калгандыктан унааларды Кыргызстанга ташып келүүгө эми көп кызыгышпайт.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...