Акыркы макалалар

Кыргызстанда курал сатуучу 29 дүкөн бар

Кыргызстанда учурда курал-жарак сатуучу 29 дүкөн бар. Алардын сегизи Бишкекте, үчөөсү Ош шаарында, калгандары башка аймактарда жайгашкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында ИИМдин өкүлдөрү маалымдашты. "Курал жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун талкуунун жүрүшүндө айтылды.Алардын айтымында, Бишкектеги курал сатуучү дүкөндөрдүн 6сы турак үйлөрдө жайгашкан. Дүкөндөрдүн бири мектептин имаратында, дагы бири бөлөк имаратта жайгашкан.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...