Акыркы макалалар

Депутаттар пенсияны банк аркылуу берүү системасын жайылтуу сунушун киргизип жатат

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Социалдык фонддун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016- жылдарга болжолу каралып жаткан учурда депутаттар пенсияны банк аркылуу берүү системасын жайылтууну сунушташты.

КСДП фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиеванын айтымында, мындай ыкмага өтүү учурдун талабы.

"Пенсияны банктардан карточка аркылуу алуу системасына өтүү керек. Бул бүгүнкү күндүн талабы. Каалагандар почтадан ала беришсин. Бирок айрым учурларда почточулар кары-картаңдардын пенсиясын үйүнө жеткирип берген учурда акча талап кылган учурлар да катталган. Ошондуктан банк аркылуу алышса мындай көрүнүштөр жоюлмак",- деди ал.

Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылкасымовдун белгилегендей, ушу тапта пенсиясын банк аркылуу алган пенсионерлер 33 пайызды түзөт. Быйыл алардын санын 40 пайызга жеткирүү каралып жатат.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...