Акыркы макалалар

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башчысы Самир Османалиев кызматтан бошотулушу мүмкүн

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинде КРнын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Самир Осмоналиевди кызматтан бошотуу маселесин кароо чечими чыкты. Комитет алдыдагы жыйындарынын биринде бул маселени карайт.

Жыйындын жүрүшүндө аталган комитеттин мүчөлөрү 2013–2014-жылдардагы эпизоотикалык абалды жакшыртуу боюнча КРнын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп баалайт.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...