Акыркы макалалар

“Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү” аттуу конференция өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 10-11-март күндөрү парламент “Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү” деген темада республикалык илимий-практикалык конференция өткөрөт. Аталган билдирүүнү Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 16-февраль күнү маалымдады.

Маалыматка караганда аталган иш чаранын алкагында мамлекеттик тил мыйзамы, орфографиядагы талаш маселелер, терминология жана сөз жасоо, котормо маселелери боюнча тилчи-адистердин жана мыйзам чыгаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ой-пикирлери жана сунуштары айтылат. Пикир алмашуулардын негизинде мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүүнүн орчундуу маселелери илимий жактан такталып, туура чечим кабыл алуу маселелери каралат.

«Атайын уюштуруу тобу мамлекеттик тил көйгөйлөрүн чечүү негиздерине арналган илимий баяндамаларды да кабыл алып жатат. Учурда алардын эсеби 50гө жакындап калды. Ал өлкөнүн ар аймагынан окумуштуулар тарабынан жөнөтүлгөн маанилүү маалыматтар болуп саналат», - дейт,Илимдер академиянын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун соцлингвистика жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин кандидаты Гүлнара Жамашева «Парламент» радиосунун түз эфиринде берген маегинде.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...