Акыркы макалалар

Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында муниципалдык тигүүчү жана жүн тытуучу цех ачылды

Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында муниципалдык тигүүчү жана жүн тытуучу цех ачылды

Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында БУУнун Өнүктүрүү программасы долбоору тарабынан тигүү цехи жаңы жылдын башы менен ишке киришкен.

Цехтин жабдууларына 446 600сом бөлүнгөн. Бул цехте 5 тигүү машинкасы бирөө беш жиптүү, 1 үтүк бардык жабдуулары менен, 1 оберлок, 1 кездеме кескен «Майман» бычагы, жана 1 жүн тыткан станок коюлган.

Жамааттын аты «Сезим», төрайымы Жамантаева Майрамкан. Жамаатта 7 айым эмгектенет, Нусубалиева Назира тикмечи, Раимкулова Роза бычмачы, Алыбаева Гүлзат тикмечи жана Касымалиева Динара тикмечи.

«Бул цех ачылгандан бери шейшеп, 4 даана куралган жер төшөк, автомашинага жаздыкча, төшөктөр, даяр плашевка кездемеден чыптамаларды тиктик. Кардар азырынча азыраак. Жүн тыткан станокту суука байланыштуу жаз айы менен иштетебиз. Машинка станокторду айылыбыздын мастери Өмүрбек орнотуп берди. Буюруса ишибиз жакшы», – дейт жамааттын төрайымы Майрамкан Жамантаева.

Түп нускага шилтеме : www.jumgal.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...