Акыркы макалалар

Сайдулла Нышанов, ЖК депутаты: “Азыр коалиция иштей албай бузулса, анда парламентти таркатууга туура келет”

--Акыркы учурларда 2010-жылы апрель окуясынан кийин БНК май куюучу жайынын сатылышы боюнча ар кандай маалыматтар тарап, ага сиздин катыштыгыңыз бар деген дагы кептер айтылып келет. Окуя кандай болгонун өзүңүздөн уксак?

--Менин ал май куюучу жайы иштерине эч кандай тиешем жок. Эсиңиздерде болсо, учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Ошонун жыйынтыгы менен баарыңыздар кеңири маалыматка ээ болосуздар.

--БНК май куюучу жайын эмне үчүн улутташтырылган жайлардын тизмесине кирбей калган?

--2010-жылы 7-апрелдеги бийлик алмашуудан кийин бир топ маанилүү объектилер улутташтырылганда бул май куюучу жайы алардын тизмесине кирген эмес. Анткени, улутташтыра турган жайлардын тизмесине кошуу үчүн атайын шарттар бар болчу. Экинчиден, БНКнын ээси мурунтан эле бар, андан мыйзамсыз тартып алууга болбойт. Кээ бирлери адаштырып БНКны мыйзамсыз алып алган сыяктуу кылып туура эмес маалымат таратып жатышат.

--Жакында эле көпчүлүк коалиция чогулуп Данияр Нарынбаев менен Алмамбет Шыкмаматовдун ортосундагы маселени кароого биригип, бир топ келишпестиктер байкалды. Сиз коалиция иштей албаса парламент тарашы керектигин айтып өттүңүз. Парламенттин жакынкы аралыкта таратылышына канчалык себеп бар?

--Сиз айтып жаткандай эле Алмамбет Шыкмаматов менен Данияр Нарынбаевдин ортосундагы келишпестикти карап жаткан учурда көпчүлүк коалициясы экиге бөлүнүп калган. Чогулушка катышкан адамга даана байкалып турду, ошол жерден мен эч кимге кеңешпей туруп эле эгер коалиция тарай турган болсо анда парламент дагы таркашы керек деген сунуш киргиздим. Анткени, азыркы көпчүлүк коалициянын курамындагы 3 фракциядан башка “Ата Журт” жана “Республика” фракциялары депутаттык топторго бөлүнүп кетишкен. Кайра коалиция түзүүгө мүмкүн эмес. Фракциялардан чыгып кеткен депутаттарды мажбурлап коалицияга бириктирүү аракети болсо сыртта карап турган эл аны кабыл албайт, коомчулуктун кыжырдануусун гана жаратат. Бирок, азыр коалициянын мүчөлөрү ачууларын басып, ынтымактуу болуп калышты.

--Парламентти убактысынан эрте таратып, убакыттын бийликтеги партияларга каршы иштеп жатканын токтотуу максатында жаз айларында шайлоо өткөрүлүшү мүмкүндүгүн коомчулукта айтып жатышат. Коалициянын ынтымагынын бузулушунан башка кайсыл факторлор парламентти таркатышы ыктымал?

--Коалиция тарап кетип эле парламенттин тарап кетүү коркунучу жаралбаса башка себеп жок. Эгерде азыр коалиция тараса анда парламентти таркатууга туура келет, башка жол жок. Эл арасында бийликке, өзгөчө өкмөткө бир-эки себеп боюнча нааразычылык бар, аны моюнга алышыбыз керек. Электр энергиясынын баасын баарына бирдей кылып эле 1 сом кылып койсо ылайыктуу болуп турат. Нарынга барып эл менен жолугушуп келдим, баары бир ооздон ушул 1 сомдук бааны колдоп жатышат. Энергетика министрлигиндеги системалуу коррупционерлерди жок кылса бул тармак тез арада дүркүрөп өнүгө турганын карапайым элдерден бери айтып жатышат. Анчалык деле арзандын кереги жок, анткени үнөмдөөнү билбей ысырапкор болуп калат экенбиз дешүүдө. Энергетикадан башка эл арасында катуу нааразычылык жок. 2010-жылдан бери биринчи кезекте сөз эркиндиги берилип, бийликтин кандай кемчилиги болсо дагы ачык айтып чыгып жатышат. 2010-жылы апрелде Бакиевдин командасын бийликтен кетирсек ошол эле жылы декабрда чоң-чоң кызматтарга кайра келишпедиби. Алар коррупциялык схемаларды бузбай иштетип келишкен. Коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик деңгээлде маани берилгенден бери ошол кайра келгендерден бир аз дагы болсо арыла түштүк. Бирок, күрөш токтобошу керек.

--АКШга барган сиздин коллегаларыңыз Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов 3 миллиард доллар каражат алгандыктарын, ал акчага Кыргызстандагы демократияны өнүктүрө тургандыктарын айтышты. Өлкөдө авторитардык бийлик болуп жатканын көптөн бер айтып келишет. Бир кездеги партиялаштарыңызда канчалык чындык бар?

--АКШ барган кишилерге эле акча бере бербейт. Алар барган кишилердин өз коомунда кадыр-баркы канчалык экенин билип, ошого жараша мамиле кылышат. Долларды гезиттен кесип алышпайт, ар бир акчасын үнөмдүү пайдалангандыктары үчүн ушундай өнүгүп жатышат. Экинчиден, барган эки депутаттын Кыргызстандагы саясий салмагын баары билип турат, берген акчаны актай алышпайт. Ошондуктан алардын акча алганына мен ишенбейм.

--Азыркы чакырылыштын депутаттары көп чыгаша коротуп жатышат, жайкы эс алууга чыгууга, чет мамлекеттерге саякаттоого көп акча алышат деген нааразычылыктар айтылып калат. Мамлекеттин акчасын үнөмдөө максатында депутаттардын кайсыл чыгашаларын кыскартыш керек деп ойлойсуз?

--Асилбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп келгени депутаттардын мамлекет тарабына келтирген чыгашаларын колдон келишинче азайттык. Мисалы, мен Ош тарапка өз каражатым менен эле барам. Унаабызды оңдоого айына 2 миң сом берет, бирок мен өз каражатым менен 100 миң сомго оңдоттум. Чет мамлекетке болсо ушул чакырылышка келгени 2 жолу гана чыгып келдим.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...