Акыркы макалалар

Казакстанда мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо болушу ыктымал

Казакстан элдер ассамблеясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү демилгесин сунуштады.14-февралда өткөн КЭАнын жыйынында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу сунуш бир добуштан колдоого алынды. Аталган маалыматты казакстандык басылмалар жазып чыкты.

“2016-жылы дүйнөдө экономикалык чоң кризис болот, ошондуктан геосаясий кырдаалды эске алып, бул демилгени өз учурунда көтөрдүк”,-дейт сенатор Куаныш Султанов. Ал эми КЭАнын элге кайрылуусунда: “ Ааламдашкан көйгөйлөрдөн ийгиликтүү өтүү үчүн өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевге кайрадан ишеним көрсөтүп, жаңы мандат берүү зарыл. Дүйнөлүк дисбаланстын жаңы жана оор этабында Казакстандын ийгиликтүү кадамдарды жасап, өлкөнү масштабдуу модернизациялоо багытында өз жолун ишенимдүү улантуусу үчүн элбашы Н.Назарбаевге ишеним көрсөтүү керек” ,-деп айтылган.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...