Акыркы макалалар

2020-жылга чейин маданиятты өнүктүрүүнүн стратегиясын тааныштырышты


14-февралда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева маданият ишмерлери менен жолугушуу өткөрдү, анда 2020-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын маданиятын өнүктүрүү стратегиясы тааныштырылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Сунушталып жаткан стратегия долбоору атамекендик маданиятты кайра жаратууга багытталган, анын негизин кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасы түзөт.

"Маданият улуттун рухун калыптындыруу жана мамлекеттик идеологияны чыңдоодо күчтүү курал болуп саналат. Азыр Кыргызстандын маданияты мамлекеттик колдоого муктаж болуп турат. Бул факторлорду эске алуу менен КРдин маданиятын өнүктүрүү стратегиясы улуттун чыгармачыл потенциалын өнүктүрүүнү камсыздоого, маданий баалуулуктарды сактоого, жаштарды тарбиялоого багытталды",-деп белгиледи Ниязалиева долбоорду тааныштыруу маалында.

Ошондой эле ушул жолугушууда аталган стратегия талкууланды жана аны жакынкы күндөрдө КРдин өкмөтү карап чыкмакчы.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...