Акыркы макалалар

«Баатырлардын» өтө чектен чыгуусуна жол берилбейт!

Жакында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат борборунда 2014-жылы Нарын облустук ички иштер органдарынын жүргүзгөн кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын болуп өттү.

Жыйынга Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги О.Молдосариев, орун басарлары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

2014-жыл ичинде ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн иштер тууралуу Нарын ОИИБнын башчысынын орун басары Ч.Жусубалиев маалымат берип, анда 2014-жылы облустук ички иштер органдарынын негизги күч аракеттери кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин өз убагында ачууга , мал уурулукка, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана өздүк курамдын арасында кызматтык тартипти, мыйзамдуулукту чыңдоого багытталып келгенин, жыл ичинде көрүлгөн алдын алуу иштеринин натыйжасында калк арасында коомдук саясий кырдаал стабилдүү кармалып, резонанс туудурган укук бузууларга жол берилбегендигин баса белгиледи.

2014-жылда облустун аймагында 447 кылмыш иши катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 29 учурга көбөйсө, ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жалпы 422 кылмыштын бети ачылган. Кылмыштардын түрлөрү боюнча алып караганда оор жана өзгөчө оор кылмыштар өткөн жылга салыштырмалуу -2 кылмышка 54(56) азайса, адамдардын өздүгүнө каршы жасалган кылмыштар 97 (78) болуп,17 учурга көбөйгөн. Бул кылмыштардын ичинен адам өлтүрүү фактысы 2 ге, денеге оор залал келтирүүгө байланышкан кылмыштар 4 учурга көбөйгөн. Адамдардын өздүк мүлкүнө каршы жасалган кылмыштар болсо өткөн жылга салыштырмалуу 29 учурга азайып 282(311), бирок ошол эле учурда адамдарды карактоо фактысы 2 ге, тоноо фактысы 1 ге, автоунааларды жат түрдө ээлеп алуу 1ге жана мал уурулукка байланыштуу кылмыштар 7 учурга көбөйгөн.

Ч.Жусубалиевдин билдирүүсү боюнча 2014-жыл ичинде Нарын облусунун аймагында коомдук саясий кырдаалга байланышкан жалпы 11 нааразылык акциясы болуп өткөн. Мындай маанидеги акциялар өткөн жылга салыштырмалуу 5 учурга азайып, мунун ичинен социалдык абалга байланышкан 10, сот чечимине байланышкан 1 акция өткөн. Нааразылык акцияларында көтөрүлгөн 8 көйгөйлүү маселе боюнча Нарын ОИИБнын бөлүмдөрү тарабынан КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жана райондук мамлекеттик администрацияларга сунуш, каттар жиберилген.

Акыркы кездерде жалпы дүйнө жүзүндө чоң көйгөйгө айланып жаткан экстремизмге байланышкан маселелер боюнча облусубузда жыл ичинде бардыгы болуп 11 факты аныкталса мунун ичинен диний экспертизанын жыйынтыгы менен 1 кылмыш иши козголуп, 7 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылып, 2 материал боюнча экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө. Учурда Нарын ОИИБда «Хизб-ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун мүчөлүгүндө турган 27 адам учётто туруп, алардын үстүнөн тынымсыз оперативдик көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүп турат.

Нарын облусу мал киндиктүү өрөөн болгондуктан, мал уурулукка каршы күрөшүү, уурулукту алдын алуу иштери маанилүү маселелердин бири болуп эсептелет. 2014-жылдын 12 айында бардыгы 148(108) баш мал уурдалып, мал ээлерине 3млн 064миң 300 сом зыян келтирилген. Уурдалган малдардын 105 башы өндүрүлүп, келтирилген зыяндын 2млн.580 миң 300сому өндүрүлгөн. Ал эми жалпы катталган 392 арыз-даттануулардын 323 мал жоготуу учуру боюнча кылмыш козгоодон баш тартылган. Облус боюнча жалпы 746 баш мал жоголуп, анын 514ү табылып ээлерине кайтарылып берилген. Ички иштер органдарынын анализине таянсак, акыркы кездерде мал уурулук кылмыштары жалпы уурулук фактыларынын 44, 8 пайызын түзөт. 2014-жылы облустун аймагында жалпы 65 мал уурулук катталып, мурунку жылга салыштырмалуу 7 учурга көбөйгөн болсо, алардын 48нин бети ачылган. Жыл ичинде мал уурулукка байланышкан кылмыштардын бетин ачуу максатында 5 жолу «Скотокрад», «Касапчы» аталыштагы операциялар өткөрүлүп, мал уурулукка байланышкан 24 кылмыштын жана кылмыш иликтөө багытындагы башка 43 кылмыштын бети ачылган. Жыл башынан бери облуста мал уурулукту кесип кылган 54 адам кармалып, анын ичинен 24 адамдан турган 9 кылмыштуу топ кармалып, алар тарабынан 22 кылмыш иши жасалгандыгы аныкталган.

--Мал уурулук-эң башкы көйгөйлөрдүн бири болууда. Бүгүнкү күндө кылмыштын көпчүлүгүн мал уурулук түзүүдө. Бир жагынан алып караганда көпчүлүк мал ээлери малын кароосуз калтырып ууруларга шартты өздөрү түзүп берип жаткандай. Мындан сырткары, малга , учурда, уурудан да карышкыр күч болуп жатат,- дейт Нарын ОИИБнын башчысы О.Молдосариев.

Жыйында маалым болгондой 2014-жыл ичинде коррупциялык, экономикалык кылмыштарга байланышкан 18 кылмыш иши аныкталып, мамлекетке келтирилген жалпы зыян 2млн 555 381 сомду түзүп, мунун ичинен 294 425 сому гана өндүрүлгөн. Бул кылмыштардын ичинен кызмат абалынан пайдалануу 10, ишенип берилген мүлктү жок кылуу боюнча 3, кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу боюнча 2 жана бажы тармагына байланышкан 1 фактыны түзөт.

Башкармалыктын ЖКК кызматы тарабынан жыл ичинде жол эрежелерин бузган 23386 айдоочу болсо, алардын ичинен 538 айдоочу мас абалында автотранспорт башкарганы аныкталган. Жол эрежелерин бузган айдоочулар ар кандай административдик жазаларга тартылышкан. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 2376 фактыга көп катталган. Ал эми жол кырсыктарынын саны 140 болуп, салыштырмалуу 15(155) ке азайган болсо, каза болгондордун саны 39(58) болуп 19га жана жаракат алгандардын саны 213 (235) болуп 22ге азайган.

2014-жылы облустук ички иштер органдарынын тергөө аппараттарынын өндүрүшүндөгү жалпы 548 кылмыш ишинин 482 си боюнча алдын ала тергөөсү бүткөрүлүп, алардын 394 кылмыш иши соттордун кароосуна жиберилген.

--Учурда биздин негизги милдеттердин бири-облустун аймагында коомдук саясий абалга, криминогендик кырдаалга жана атуулдардын арыз даттанууларына өз учурунда баруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көбүрөөк көңүл буруу болууда.-деп баса белгиледи Ч.Жусубалиев.

Маалыматта белгилүү болгондой 2014-жылы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытында жалпы 213 жолу ар кандай профилактикалык рейддер, операциялар өткөрүлүп, ички иштер органдарынын профилактикалык эсебиндеги адамдар текшерилген. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында ички иштер министрлигинин коюп жаткан талаптарын аткаруу максатында 2014-жылдын декабрь айында облустун аймагында милициянын 7аймактык пункттары жана 20 билим берүү мекемелеринде жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлордун иш кабинеттери ачылган.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө журналисттер бардык кызыктырган суроолоруна кеңири маалымат ала алышты. Буга чейин баатырбыз деп төш кагып, элдин ичине дүрбөлөң салып келген айрым «жалган баатырлардын» үстүнөн иш козголуп жатканын билдирген О.Молдосариев өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн стабилдүүлүк керек экендигин, ошондуктан ар кимдин провокациясына берилип ар кандай митингдерге чыгуунун кажети жок экендигин, себеби, бүтүндөй облусту уятка калтырып, «беш аял» атыгып, баатырбыз деп төш кагып өз кызыкчылыктары үчүн карапайым элди дүрбөлөңгө салып жаткан адамдардын мындан ары өтө чектен чыгуусуна жол берилбешин эскертти.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...