Акыркы макалалар

Жалал-Абад облусунда “Казакмыс” ишканасы иштей баштайт

Быйыл Жалал-Абад облусунда кыргыз-казак биргелешкен “Казахмыс” ишканасы пайдаланууга берилет. Мындан тышкары Таш-Көмүр шаарында кыргыз-казак болот кошулмаларын эритүүчү заводдун курулушу жүрүп жатат. Ошондой эле “Макмал алтын” жана “Чаарат” алтын кендери ишин

Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Жумагүл Эгембердиева: “Тилекке каршы өткөн жылы облус боюнча өнөр жай ишканалары белгиленген планды 98,4%га гана аткара алды. Ошол эле учурда республикалык салык көрсөткүчү да 94,6% болду. Анткени, мурда белгиленген биргелешкен кыргыз-казак “Казахмыс” ишканасы жабдыктары толук ишке кирбегендиктен, ишин баштай алган жок. Буюрса, быйыл бул завод жыл аягына чейин толук иштей баштайт. Ал эми Таш-Көмүр шаарындагы мурдагы “Кристалл” заводунун ордуна кыргыз-казак биргелешкен болот кошулмаларын эритүүчү заводдун курулушу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө жалпы курулуш иштерине бөлүнгөн 2,7 млн доллардын 400 миң доллары өздөштүрүлдү”,- деди ал.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...