Парламенттин 12-февралдагы жыйынында "Экологиялык экспертиза жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамовбилдиргендей мыйзам долбоору мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүдө акы төлөөгө тиешелүү жол-жоболорду алып салууга негизделген.
Жыйында эл өкүлү Эркин Сакебаев чет өлкөлөрдү мисал келтирүү менен борбор шаардын ичиндеги унаага май куюучу жайларды калаанын сыртына чыгаруу маселесин көтөрдү. Мамлекеттик экологиялык-техникалык экспертиза мекемесинин өкүлү бул боюнча сот иштери жүрүп жатканын маалымдады.
Мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберди.
Түп нускага шилтеме : de-facto.kg
Азырынча бир да пикир жок...