Акыркы макалалар

Төө буурчак өстүрүү боюнча адистерди Түркиянын Айыл чарба министрлиги окутуп берүүгө даяр

Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков баштаган бир катар өкүлдөр Түркияга барып, Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен жоолугушкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Анда, Түркия адистери төө буурчак өстүрүүдө 15-20 жаранды жаңы технологиялар менен иштөөгө, аны сатуу, маркетинг тармагы боюнча окутуп берүүгө макулдук беришкен. Түркиянын “Терекс” уюму өлкөдөгү төө буурчакты түз сатып алууга Кыргызстан менен кызматташууга даярдыгын айтышкан.

Мындай маалыматты билдирген депутат Р.Жээнбеков, Айыл чарба министрлиги менен Тышкы иштер министрлигинин расмий чакыруу каты зарыл болуп жатканын айтып, бул ишти тездетүү жагын өкмөткө табыштады.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...