Акыркы макалалар

Борбор калаада уйгур музыка маданияты тартууланат

28-февралда Бишкектеги Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында “Музыка-элдин жаны” аталышында уйгур музыка маданияты тартууланат.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунан кабарлагандай кечеде салттуу музыкалык аспаптардан чыккан кайрыктар жаңырып, көркөм бийлер бийленет, кооз костюмдар көрсөтүлөт.

Кеченин максаты Кыргызстандагы этностордун маданиятынын ар түрдүүлүгүн, айрыкча балдар жана жаштар арасында эл аралык мамилени өнүктүрүү болуп саналат.

Иш-чараны “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду Кыргызстандын Элдик ассамблеясы жана Кыргыз улуттук консерваториясы менен биргеликте уюштуруп жатат.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...