Акыркы макалалар

Соцөнүгүү министрлиги февраль айы үчүн 500 млн сомду жөлөк пулдарга төлөдү

Социалдык өнүгүү министрлиги үстүбүздөгү жылдын февраль айы үчүн мамлекеттик пособие алуучуларга 300 млн сомдон ашык каражат төлөп берди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Пособие категориясына бериле турган жалпы сумма 373 млн 289,5 миң сомду түзөт.

"Андан тышкары кош бойлуулук жана төрөт үчүн берилчү жөлөк пулга 16 млн 23,5 миң сом бөлүнөт. 984,9 миң сом - акчалай компенсация жана жеңилдиктер, ошондой эле сөөк коюуга төлөнүп турат. Ошентип февраль айы үчүн жөлөк пулдардын жалпы суммасы 504 млн 297,9 миң сомду түздү",-деп кабарлады басма сөз кызматы.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...