Акыркы макалалар

Жан башына каржылоо: утуш кайсы тарапта?

Жан башына каржылоо: утуш кайсы тарапта?

Кыргызстанда жалпы билим берүүчү орто мектептерде “жан башына каржылоо” системасы киргизилип, бул ыкма бир топ мектептерде ишке ашырылып келатат. Демилгечи топ каржы жана билим берүү жана илим министрлиги болуп, бул жаңы ыкма аркылуу бюджеттен бөлүнгөн акчаны үнөмдүү пайдалануунун оңтойлуу жолу деп түшүндүрүүдө. Жаңы долбоор боюнча мугалимдер өткөн сабагына эмес, окуткан балдардын санына жараша эмгек акы алышат. Билим берүү жана илим министрлиги каржылоонун бул ыкмасы финансылык адилеттүүлүккө жана ачык-айкындуулукка жол ачат деп ишендирүүдө. Ошол эле убакта жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан бул системанын пайдасынан зыяны көп болуп, өзүн актабай жатат деген сындарын да айтышкан болчу.

Жан башына каржылоо деген эмне?

Жөнөкөй тил менен айтканда бюджеттен бөлүнгөн акчаны үнөмдүү пайдалануу. Кайсы географиялык аймакта жайгашканына карабай бардык орто билим берүүчү мектепте эмгектенген мугалимдер окуткан саатына жараша эмес, окуткан балдардын санына жараша эмгек акы алат. Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун берген маалыматына караганда бул жаңы ыкмага ылайык бюджеттик каржылоонун төмөнкү өлчөмү 50 окуучу болсо, эң жогорку өлчөмү катары 250 окуучуга эсептелген.

2006-жылы жан башына каржылоонун негизинде бир окуучуга эсептелген чыгым орто эсеп менен 2164 сомду түзгөн. Ал эми облустар боюнча бириндеп атай турган болсок, Баткен облусунда -1722, Жалал-Абад облусунда – 1778, Ош облусунда 1916, Талас облусунда – 2285, Нарын облусунда - 2294, Ысык-Көл облусунда – 2387, ошондой эле Бишкек шаарында - 2818 сомду түзгөн.

Алгачкы жыйынтыктар жаман эмес

Жан башына каржылоо системасы эң алгачкылардан болуп 2005-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мектептерде эксперимент катары башталган. Бүгүнкү күндө каржылоонун бул модели Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустары жана Бишкек, Ош шаарларында жайылтылган. Учурда республика боюнча 2103 орто мектептин 717синде, башкача айтканда ар бир үчүнчү мектепте бул ыкма колдонулуп келатат.

Калган мектептер 2013-жылдын соңуна чейин жан башына каржылоо системасына өтүүсү пландалган.

Бул ыкманын натыйжасы Баткенде байкала элек

2010-жылы бул система Баткен облусундагы бардык мектептерге сыноочу аймак катары киргизилген. Каржылоонун бул ыкмасынын бир топ пайдалуу жактары болгону менен, үч жылдык практика көрсөткөндөй азырынча сезилерлик жемишин бере элек дейт Баткен райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдилазиз Заитов.

“Биздин район алыскы чөлкөмдө жайгашкан. Анын үстүнө айылдар чачкын болгондуктан, андагы мектептердин көпчүлүгүндө аз сандагы окуучу окуйт. Райондо жалпы 52 мектеп бар богон болсо, бүгүнкү күндө алардын 2-3өөсүн бул системадан чыгаралы деп атабыз. Анткени, окуучулардын саны өтө эле аз болгондуктан, каржылоо стандарты сакталбай атат. Бул жерде окуучусу аз мектептерди жаап, бир айылдан экинчи айылга транспорт каттатуу каралган. Бирок, биздин бүгүнкү шартыбызда муну ишке ашыруу бир топ кыйын. Андан көрө ошол аз окуучусу бар мектептерди болгону бул системадан чыгаруу керек”,-дейт А. Заитов.

Назгүл Бостонбаева

Сүрөт:time.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...