Акыркы макалалар

“Айгүл” гүлү өзгөчө корукка алынды

Дүйнөдө сейрек кездешүүчү “Айгүл" гүлүн корукка алуу жана аны сактап калуу аракети көрүлө баштады. Бул багытта Айгүл тоосунун 30 гектар жер аянтына атайын тосмолор орнотулуп бүткөрүлдү. Бул тууралуу "Марал" радиосуна Айлана-чөйрөнү жана токойлорду коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Бакыт Ырсалиев билдирди.

Айгүл тоосун этникалык паркка айлантып, эс алуучу жай кылуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бүгүнкү аракеттердин баары 2017-жылга чейинки мөөнөттө бүткөрүлүп, Айгүл гүлүн даңазалаган эл аралык маанидеги форумду өткөрүү пландалган.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...