Акыркы макалалар

Англис тили жумалыгы өтүп жатат

9-февралдан 14-февралга чейин Кыргызстандын мектептеринде англис тили жумалыгы өткөрүлөт. Иш-чаранын ачылышы Герман Гмайнер мектебинде өттү.

Окуучулар англис тилинде болгон конкурстарды көрсөтүп жатышты. Бир жума ичинде бардык билим берүү уюмдарында 5-11-класстардын окуучулары үчүн, «Англис тили — эл аралык сүйлөшүүнүн тили» аталышындагы сынактар, көргөзмөлөр, конференциялар, ачык сабактар уюштурулат.

Окуучулардын англис тилине болгон кызыгууларын өстүрүү жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында уюштурулган жумалык 14-февралга чейин уланат.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...