Акыркы макалалар

Өткөн жылы 155 миң кыргыз жараны иштөөгө уруксат кагазын алган

Орусиянын борбору Москва шаары миграция күч алган аймак. Орусия учурда федералдык мыйзамды күчөтүү менен, мигранттарды тартипке келтирүүнү көздөшүүдө. Росстаттын маалыматына караганда, 2013-2014-жыл аралыгында бир жарым миллион мигрант мыйзамсыз жүргөн.

Федералдык миграциялык кызматтын маалыматына таянсак, өткөн жылы 155 миң кыргыз жараны иштөөгө уруксат кагазын алган. Нурдин Сатылганов бир нече жылдан бери Москва шаарында жашап иштейт. Бир жарым жаштагы кызын киши жалдап бактырууда. Нурдин баласы кысылып өсүп жатканын моюнга алат.

«Чынын айтсам Москвада өз жерибиздей кенен ойной албай, бир-эки комнатада тыгылып жашап, кысылып жатабыз. Күнүгө бир-эки маал эшикке чыгарып, көңүлдөрүн ачканга аракет кылабыз".

Жаш балдарды чектеп тыюу, коркутуу жана төрт дубалга багуу, өсүп келе жаткан балдардын психикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан, ар бир ата-эне балдарын тар чөйрөдө чектебей, башка балдар менен аралаштырып, коллективде тил табышына шарт түзүшү керек.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...