Акыркы макалалар

Кувейт мамлекетинин жарандарына визасыз режим киргизүү талкууланды

9-февралда Кыргызстандын Кувейт мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ж.Шарипов "Аль Асима" провинциясындагы губернатор, генерал-лейтенант Сабит Аль Маха менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык алакалар жана бизнес багытындагы маселелер талкууланды. Ошондой эле, Кувейт мамлекетинин жарандарына визасыз режим киргизүү маселеси да каралды. Кувейт Кыргызстандын айыл чарба продукциясындагы экологиялык тазалыкты баалайт.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...