Акыркы макалалар

Иран инвесторлору Кыргызстандын энергетитка тармагына кызыкдар болууда

Иран инвесторлору Кыргызстандын энергетика тармагына кызыкдар болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Наджафи билдирди.

"Өткөн жылы Ирандын энергетика жаатындагы ири компанияларынын өкүлдөрү иш сапар менен келишкен. Иранга Кыргызстандан делегациянын баруусу дагы макулдашылган. Ирандык инвесторлор Кыргызстанга электр түйүндөрүн, чакан ГЭСтерди, ошондой эле электр энергиясын бөлүштүрүү боюнча компанияларды курууга кызыкдар болуп жатат",-дейт элчи.

Бирок ошого карабай аныкталган бир долбоор азырынча жок.

"Баардыгы сүйлөшүүлөргө жараша болот",-деп кошумчалады дипломат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...