Акыркы макалалар

Кытайдын компаниясы социалдык турак-жай үчүн инвестиция салууга ниеттенүүдө


Бишкекте баш калаанын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков Кытайдын Greenviewinternational (Holding) Limited компаниясынын башкы директору Ли Йонжман башында турган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Тараптар Бишкектин аймагында муниципалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык каражаттарды салуу боюнча маселелерди талкуулашты.

"Шаардык бюджеттен тиешелүү каражат бөлүнбөй жатат. Буга байланыштуу баш калааны өнүктүрүш үчүн башкы багыттардын бири инвестиция тартуу болуп саналат",-деп белгиледи биринчи вице-мэр.

Жолугуунун соңунда тараптар дагы бир ирет жумушчу жолугушуу өткөрүп, шаардыктар үчүн социалдык турак-жай курууга багытталган конкреттүү сунуштарды тыкыр карап чыгуу

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...