Акыркы макалалар

Ош шаарында диний кызматкерлердин билимин жогорулатуу курсу аяктады

Ош шаарында диний кызматкерлердин билимин жогорулатуу курсу аяктады

Ош шаардык жана облустук казыяттын колдоосу жана Түркия мамлекетинин Дин Иштери Башкармалыгынын каржылоосу менен Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин базасында, диний кызматкерлердин билимин жогорулатуу курсунда 2012-жылдын 9-январынан 27-январына чейин угуучу болуп катышып, «Дин таануу жана гуманитардык предметтер»кафедрасы тарабынан коюлган окуу планындагы дисциплиналар аткарылды. Бул убакыт аралыгында диний кызматкерлер жалпы маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана башка мыйзамдарда, дин жана ишеним эркиндиги, дин кызматкерлеринин милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу маалыматтарды, ал эми кесиптик багыттагы «Куранды кырааты менен окуу», «Тафсир», «Ислам укугу» жана башка диний предметтер боюнча маалыматтарды алышты. Сертификатты тапшыруу аземине дин иштери боюнча комиссиянын түштүк аймагы боюнча жетекчиси К. Узаков, Ош облусунун казысы С. Гапуров, Ош шаарынын казысы У. Сарыков, Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин диний кеёешчиси Орхан Генж жана башка аттуу - баштуу жетекчилер катышты. Айта кетчү жагдай, аталган курска Ош, Жалал – Абад жана Баткен облустарынын диний кызматкерлери катышты.

Азизилла уулу Иманбек

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...