Акыркы макалалар

Калыс Жылчыбаева: «Эки бутум жок болсо да башкаларга окшоп баса алам»

Жашоого болгон үмүтүн үзбөй, алты мүчөсү соо адамдарга караганда өз жаны үчүн күрөшүп, күнүмдүк жашоосун өткөрүп келген мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз бүгүнкү күндө жок эместиги баарыбызга маалым. Тагдырдын татаал табышмагына туш болгон каарманыбыз да кара жанын багуу үчүн ордо калаабызда күн кечирип келет. Кандай болсо да алар биздин коомубузду түзгөн жарандар эмеспи

«Эки бутум жок болсо да башкаларга окшоп баса алам»,-дейт 1968-жылы Кара-Суу районунда туулган Калыс Жылчыбаева.

Менин дагы бир мезгилдерде бир туугандарым, келечектен көптү үмүттөндүргөн үй-бүлөм бар болчу. Эки баланын апасы элем. Кырсык айттырбай келет эмеспи. Ошол сыңары мындан алты жыл мурун «кара сан» дартына кабылып, эки бутумдан ажырап эч нерсеге жарабай калдым. Бара-бара эч жерге батпай, ишенген жолдошум менен да ажырашып тындым. Аны да түшүнөм. Мендей жарамсыз аял менен жашап эмне кылмак. Бир туугандарыма жардам сурап кайрылдым. Кыска убакытка чейин алардын карамагында болдум. Ата-энеден айрылгандан кийин ушундай болот тура. Бир туугандарың да боор бербей калат экен. Айла жок кара курсак камын көрүү керек. Бардык түйшүк өзүмө калып, эптеп оокат кылуунун жолуна өттүм. Кылбаган ишим калбады. Биринчи топтогу майып болгонум менен мамлекет тарабынан бир да жөлөк пул албайм. Эч кандай жардам да болбойт. Кичине кагаз тууралайын десең эле оозуңду ачыра «мынча сом» дейт. Дегинкиси баарынан түңүлдүм, бирок жашоодон түңүлө элекмин деп өз сөзүн жыйынтыктады Жылчыбаева Калыс Зундуевна.

Үйүнөн жай берип, жакындан жардам көрсөтүп келген 55 жаштагы Калыс Асанованы сөзгө тартканыбызда, ал төмөндөгүлөргө токтолду.

“Үч жыл мурда шаардагы Навои эс алуу багында жолуктуруп калдым. Жашарга жайы жок болгондуктан жардам берип келем. Азыркы убакта мени менен бирге турат. Эч жерден алакандай да жардам көрсөтүлбөйт. Мен да убакыт өткөн сайын алдан тайып баратам. Анткен менен менде үй-бүлө, тууган урук бар. Анын болсо колуна кол болгон эч кими жок. Калысты өзүнчө аяп кетем”,-деп көзүнө жаш кылгырта сөзүн жыйынтыктады Калыс Төрөбаевна.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Пикирлер

  • nurim @ 01.02.2013 @ 09:13

    Эки каармандын тен аты Калыспы?