Акыркы макалалар

Жогорку Кеңеште «Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү» деген темада илимий-практикалык конференция өтөт

10-мартта Жогорку Кеңеш жана Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту биргелешип, USAID/DFID Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине көмөктөшүү программасынын колдоосу менен “Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү” деген темада республикалык илимий-практикалык конференцияны өткөрүүнү пландаштырат. Конференцияда мамлекеттик тил мыйзамы, орфографиядагы талаш маселелер, терминология жана сөз жасоо, котормо маселелери боюнча тилчи-адистердин жана мыйзам чыгаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ой-пикирлери жана сунуштары айтылып, пикир алмашуулардын негизинде мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүүнүн орчундуу маселелери аныкталып, талаш туудурган маселелер илимий жактан такталып, туура чечим кабыл алуу максаты коюлат.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...