Акыркы макалалар

«Кыргызстанда хоккейдин мекени Теңир-Тоо»

«Кыргызстанда хоккейдин мекени Теңир-Тоо»

Жакында Нарын шаарында спорттук чоң саамалык катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбековдун кубогуна арналган бешинчи үй-бүлөлүк республикалык чемпионатынын 2-туру өткөрүлдү. Оюнга Бишкек шаарынан «Арстан-Бишкек», Нарын шаарынан «Ала-Тоо-Дордой», Жумгал районунан «Жумгал-Шортон», Ысык-Көлдөн «Чолпон-Ата», Миң-Куштан «Миң-Куш» командалары катышты.

Ачылышында облус жетекчиси Канатбек Муратбеков сөз сүйлөп, «Биз дайыма Кыргызстанда хоккейдин мекени Теңир-Тоо» деп сыймыктанып келебиз. Ошондуктан өткөн жылы Миң-Кушта, быйыл Нарын шаарында республикалык чемпионат өткөрүп жатабыз. Кийинкиде Кочкордо жана башка аймактарда өткөрөбүз.

Бүгүнкү чемпионаттын катышуучуларынын жаш муундардын өсүп чыгышына салымы чоң болуп, дүйнөлүк аренада Кыргызстандын жүзүн көргөзгөн спортчулар чыгат деп ишенебиз»,-деди. Андан сырткары Нарын шаарынын мэринин орун басары Салтанат Эсенаманова, Хоккей федерациясынын ага машыктыруучусу Сергей Викторович Шавернев да куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Чемпионат эл аралык хоккей эрежелери боюнча айлампа түрүндө өткөрүлүп, байге фондуна Нарын облусун өнүктүрүү фондунан 100 миң сом каралган. Оюн үч күнгө созулду. Акыркы күнкү жыйынтыктоочу мелдеште өткөн жылкы республикалык чемпионаттын жеңүүчүсү «Арстан-Бишкек» менен «Ала-Тоо-Дордой» кез келишип, 2:1 эсебинде экинчи аталган тарап жеңишке жетишти. Ошентип 12 упай топтогон «Ала-Тоо-Дордой» биринчи орунду камсыздап 20 миң сом жана кубокту, 9 упай менен «Арстан-Бишкек» 15 миң сом жана беш упай чогулткан «Чолпон-Ата» командасы 10 миң сом акчалай байге, медалдар менен сыйланышты. Андан сырткары «мыкты беш оюнчуга» кызыктыруучу сыйлыктар, дипломдор берилди.

Салтанаттуу сыйлык тапшырууда облус жетекчиси Канатбек Муратбеков Жумгал, Миң-Куш, Кочкор жергесинен келген хоккей командаларына 50 миң сомдон сырткы жеңил формаларын сатып алууга акчалай жардамын көргөзүп, өкүлдөрүнө тапшырды. Мындан сырткары буга чейин өнүктүрүү фонду аркылуу К.Муратбеков хоккейди Нарын облусунда жайылтуу максатында Нарын шаарына бордду курууга 300 миң, жеңил формаларына 50 миң жана башка аймактарга да жардамын көргөзгөн.

Хоккей боюнча башкы машыктыруучу Болот Бектемишовдун айтымында чемпионаттын жобосунун негизинде келген команданын келип-кетишин, тамак-ашын өздөрү көтөрсө, уюштуруучулар жаткан жайын даярдап беришкен.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...