Мамкаттоо кызматынын маалыматтары боюнча өлкөдө 2 миллион 252 миң 117 жаран биометрикалык каттоодон өттү.
Жалпы улуттук өнөктүк башталгандан бери Бишкекте – 313, 210; Ош шаарында – 141,853; Ош облусунда – 449,092; Нарында – 107,183; Чүйдө – 380,210; Ысык-Көлдө – 177,672; Баткенде – 189,364; Таласта – 92,011; Жалал-Абад облусунда – 401,522 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырды.
Биометрикалык маалыматтарын тапшыргандардын пайыздык көрсөткүчү: Бишкек – 46,72%; Ош – 83,33%; Ош облусу – 67,68%; Нарын облусу – 57,74 %; Чүй облусу – 64,97%; Ысык-Көл облусу – 56,12%; Баткен облусу – 60,12%; Талас облусу – 59,29%; Жалал-Абад облусу – 56,10%.
Эскерте кетсек, биометрикалык маалыматта катталган ордуна же жашаган жерине карабастан, каалаган топтоо түйүнүнө барып тапшырууга болот. Жарандардын жанында паспорту бар болуусу зарыл.
Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg
Азырынча бир да пикир жок...